Кыргызстанга импорттолгон буудай менен ун кошумча нарк салыгынан бошотулду

  • 3 года мурун

Кыргызстандын министрлер кабинети ун жана буудай импорттоочуларды кошумча нарк салыгынан бошотту. Бул тууралуу токтом жарык көргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өткөн жылдын соңку айларынан тарта Кыргызстанда башка азык-түлүк сыяктуу эле ун дагы кымбаттай баштаган. Чечим базардагы ундун баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды.

Кимге жеңилдик берилмекчи:

  • Ун салдыруу үчүн буудай алып келген импортчуларга жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна;
  • Жергиликтүү жана импорттолгон буудайдан салынган унга.

Жеңилдик берилген мөөнөт 2022-жылдын 1-августуна чейин созулат.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт Кыргызстандагы айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ЕАЭБ биримдигинен тышкары чыгарууга жарым жылга тыюу салган. Бул азыктардын арасында буудай уну дагы бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты