Месси ПСЖ футболдук клубунун катарына өттү

  • 3 года мурун

Алты жолку «Алтын топ» сыйлыгынын ээси, аргентиналык Лионель Месси Франциянын «Пари Сен-Жермен» клубуна өттү. Бул тууралуу аталган клубдун маалыматына таянып, РИА Новости жазып чыккан.

34 жаштагы футболчу менен франциялык клубдун ортосунда келишим «2+1» (эки жыл, дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен) схемасы менен түзүлгөн. Жаңы клубда Месси 30-номердеги форма кийип ойнору белгилүү болду.

Месси Испаниянын «Барселона» курамына 2004-жылы келип, жалпы 17 жыл клубда ойногон . Каталониялык команда менен бирге аргентиналык футболчу тогуз ирет Испания чемпионатын, жети жолу Испания кубогу мелдешин уткан. Төрт жолу УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин жеңүүчүсү болгон.

Месси «Барселонанын» сабында расмий оюндарда көп ойногон (778 беттеш) жана көп гол (672 гол) киргизген футболчу болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты