“Күйөөсү менен урушуп кеткен”. ЦУМдагы бомба жөнүндө кабарлаган аял кармалды

  • 3 года мурун

“Телефондук терроризмге” шектелген Сокулук районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык, “телефондук террорист” 1994-жылы туулган Г.З.А болуп чыкты. Ал күйөөсү менен урушуп кетип, жаңы сим-карта аркылуу ЦУМдун ичиндеги бомба тууралуу билдирген. Азыркы учурда УКМК бул ишке байланышы бар башка жарандарды издөөдө.

Ал эми УКМК жарандарды ойлонулбаган кадамдарга барбоого чакырып, террористтик актылар жөнүндө жалган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Эске сала кетсек, кечээ, 9-август күнү ЦУМ соода борборунун кардарлары эвакуацияланган. Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) тараткан маалыматка ылайык, 9-августта саат 16:10 чамасында борбордук «Айчүрөк» дүкөнүндө колунда баштыгы бар кара кийимчен шектүү аял жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле, имараттын ичинде бомба бар деген маалыматтар да айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты