Кыргызстанда дан эгиндери эки эсе аз бастырылды. Статистика

  • 3 года мурун

Кургакчылык жана сугат суусунун жетишсиздиги негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн бир кыйла азайышына алып келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230,7 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3% га аз жана 285 миң тоннага жакын же 52% га аз дан бастырылды” — деп айтылган Статкомдун билдирүүсүндө.

Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суусунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы — 41,4%га, арпа — 57,9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү — 31,2%га, картошка — 6,3%га жана бакча өсүмдүктөрү — 3,5%га кыскарды.

Муну менен катар өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу жашылчалардын дүң жыйымынын (8,2%) олуттуу өскөнү белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты