Ишкерлер президентти экономикадагы өзгөчө кырдаал жөнүндөгү мыйзамга кол койбоого чакырышты

  • 3 года мурун

“Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы” уюму президент Садыр Жапаровду экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзам долбооруна кол койбоого чакырды.

Жетимиштен ашык бизнес-ассоциацияны бириктирген уюмд 10-августта президентке жолдогон кайрылуусунда ишканаларды жасалма банкрот кылып, рейдерлик жол менен басып алууга, ишкерлердин көмүскөгө качышына, бизнес жүргүзүү шарттарынын начарлашына жана мекемелерде жемкорлуктун көбөйүшүнө жана башка терс таасирге алып келе турган бул долбоор кабыл алынбашы керектигин билдирди.

Уюмдун кайрылуусунда мыйзам долбооруна вето коюлуп, бардык тараптар катыша алгыдай талкуудан өткөрүү үчүн кайра артка жөнөтүлүшү зарыл экендиги белгиленет.

Эске сала кетсек, Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда тең жактырылган. Бул мыйзамга ылайык, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугусуз бюджеттин 20% чейинки киреше жана чыгашасын өз алдынча аныктаганга укук алат.

Сүрөт: Иллюстрациялык сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты