Паралимпиада. Кыргызстандык спортчулар 20-августта жолго чыгышат

  • 3 года мурун

Кыргызстандын паралимпиадалык курама командасы Токиого 20-августта жөнөйт. Бул тууралуу Улуттук паралимпиада комитетинини президенти Бакыт Исаков билдирди.

Анын айтымында, азыр спортчулар Бишкекте машыгууларын өткөрүп жатышат.

“Азыркы учурда спортчулар Бишкекте машыгууларын жүргүзүп жатышат. Он күндөн кийин жолго чыгышат”, — деди ал.

Эске сала кетсек, XVI паралимпиада оюндары Жапониянын борбор шаары Токиодо үстүбүздөгү жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин өтөт. Кыргызстандын курама командасын ядро ыргытуу боюнча спорт чебери Арстанбек Базаркулов менен дзюдочу Хайитхон Хусан кызы тааныштырат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты