ЦУМдагы жардыргыч зат тууралуу маалымат тастыкталган жок. Милиция териштирип жатат

  • 3 года мурун

Айчүрөк борбордук универмагындагы жардыргыч зат тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу журналисттерге ЦУМдун күзөт кызматынын башчысы Виктор Жирков билдирди.


Анын айтымында, имаратта барымтадагылар болгон эмес. «Бул ойдон чыгарылган нерсе. Эң алгач, жардыргыч зат болушу мүмкүн деген божомол гана болгон. Кудайга шүгүр, маалымат тастыкталган жок », — деди ал.

Белгилей кетсек, Соода борборунун жумушчуларына жана жарандарга имаратка кирүүгө уруксат берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты