ИИМ: ЦУМда кара халат кийген шектүү аял тууралуу маалымат келип түшкөн

  • 3 года мурун

Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун имараты 9-августта кечки саат беш чамасында милициянын курчоосуна алынды. Борбордун ичиндеги адамдар эвакуацияланып, жанына эч кимди жолотпой жатышат.


Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы расмий билдирүү таратты:

“Саат 16:10 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына борбордук универмагда кара халат кийген шектүү аял бар экени тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол замат окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу, милиция кызматкерлери, ЭККМКнын эң жакын экипаждары, ошондой эле Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жөнөп кетишти.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери ЦУМдун айланасындагы имаратты курчоого алып, эвакуация кылышты. УКМКнын кызматкерлери да жеринде иштеп жатышат.”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин соода түйүнүнүн ичинде жардыруучу зат болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган.

Cүрөт: Кабар.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты