Бишкекте ЦУМ курчоого алынды. Соода түйүнүндө жардыргыч зат болушу мүмкүн

  • 3 года мурун

Учурда, “Айчүрөк” дүр дүйнө дүкөнү (ЦУМ) курчоого алынып, милиция жарандарды эвакуациялады.



Алдын ала маалыматтарга ылайык, бүгүн милицияга соода борборунун дааратканасына жардыргыч зат коюлганы тууралуу чалуу түшкөн. Ал жерде кинологдор жана укук коргоо органдары иштеп жатышат. Кабар.кж маалымат агенттиги билдиргендей, Соода түйүнүндө барымтага алынгандар да болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги бул тууралуу официалдуу маалымат тарата элек.

Сүрөт: Sputnik.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты