УКМК Бишкекте сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан кишиге эскертүү берди

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги соода борборлорунун биринде сатуучу кызды калькулятор менен чаап жиберген А.Алимбаевге расмий эскертүү берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2-август күнү, Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда сатуучу кызды мас абалындагы жаран калькулятор менен чаап жиберген. Кийинчэреек белгилүү болгондой, ага сатуучу кыздын кыргызча сүйлөбөгөнү себеп болгон. Окуяны милиция териштирип, А. Алимбаев аттуу жаранды кармаган.

Аталган окуя боюнча УКМК, Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени жана кимдир бирөөнү өңү-түсүнө, расасына, улутуна же карманган динине байланыштуу басмырлоого 10 жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралганын белгилеген.

Бул окуя боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты