Жээнбек Кулубаев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жээнбек Кулубаев Ысык -Көлдүн Чырпыкты айылында 1963-жылы төрөлгөн. Ал буга чейин, Кыргызстандын Малайзиядагы жана Кытайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жетектеген. Акыркы жылдары Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка боюнча департаментинин башчысы болуп эмгектенген. Ал эми, Кулубаев 2018 -жылдын октябрынан бери Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп иштеп келе жаткан болчу.

Белгилей кетсек, аталган бөлүмдүн буга чейинки жетекчиси Дастан Дүйшекеев экөө кызматтык орун алмашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты