Дарбыз коронавирустан кийин организмди калыбына келтирээри далилденген эмес (Фактчекинг)

3-август күнү, novosti.kg сайтында “дарбыз адамга коронавирустан кийин калыбына келүүгө жардам берет” деген маалымат жарыяланган. Анда, дарбыз С витаминине бай болгондуктан организмдеги токсиндүү заттарды чыгарууга жардам берери айтылып, орусиялык РИА.ру сайтына шилтеме берилген.



ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

РИА.ру сайтында мындай маалымат жок

3-август күнү, “Риа.ру” сайтында “Дарыгерлер балдар жана чоңдор үчүн дарбыздын күнүмдүк нормасы канча экенин айтышты” деген маалымат чыккан.

Анда, педиатр Марина Лерман жана врач-терапевт Елена Тихомирова дарбыз тууралуу бир катар кеңештерин беришкен. Бирок, анда коронавирус тууралуу эч кандай маалымат айтылган эмес. Бир катар орусиялык ММКлар “Риа.ру” сайтына шилтеме берип, “врачтар коронавирус менен ооруп айыккандан кийин дарбыздын кандай пайдалары бар экенин айтышты” деген маалыматтар таратылса да, “Риа.ру” сайтында бул маалымат жок болуп чыкты.

Дарбыздын пайдалары тууралуу маалымат “Известия” сайтына жарыяланган.

Маалыматта, дарбыз жүрөктүн иштешин жакшыртып, организмди токсиндүү заттардан тазалай турганы айтылат. Мындан сырткары, дарбыз С витаминине бай болгондуктан коронавирустан кийин иммундук системаны күчтөөрү белгиленген.

Азыркы убакка чейин, дарбыз коронавирустан кийин организмди күчтөй турганы жөнүндө изилдөөлөр жок. Бирок, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Covid-19 менен ооруп айыккандан кийин, мөмө жемиштерди жана витаминдүү азыктар менен тамактануу маанилүү экенин белгилешкен.

Дарбыздын организм үчүн пайдалары:

  • Дарбыз 90-95% суудан тургандыктан, өзгөчө жаз мезгилинде адамдын организми үчүн пайдалуу;
  • Дарбыздын курамында С жана А витаминдери бар. Бирок окумуштуулар, дарбызга караганда кара өрүк, карагат, алма сыяктуу өсүмдүктөрдө С витамини көбүрөөк экенин айтышат. Башкача айтканда, дарбыз коронавирус менен ооруп айыккандарды толугу менен С витами менен камсыздайт деген туура эмес маалымат.
  • 2014-жылы “EXCLI” илимий-медициналык журналына жарыяланган изилдөөдө, дарбыз адамдын жүрөк кан-тамыр системасынын иштешин жакшырта турганы далилденген. Изилдөөдө, дарбыздын курамындагы цитруллин аминокислота жана азот оксиди кан тамырлардын кеңейишине жардам берип, кан басымды төмөндөтөөрү белгиленген.

Бирок, дарбызды өлчөмүнөн ашык колдонуу диарея, ашказандын иштешинин бузулушу, жүрөк ооруларына жана кандагы канттын өлчөмүнүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан адистер, дарбызды күн сайын 300-400 граммдан ашырбоо керектигин белгилеп келишет.

Жыйынтык: Дарбыздын коронавирустан кийин организмди калыбына келтире тургандыгы тууралуу изилдөөлөр жок. Ошондой эле, бул маалымат “РИА.ру” сайтына жарыяланган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты