Садыр Жапаровдун мурдагы маалымат катчысы Казакстанга элчи болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Дастан Дүйшекеев Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу, 9-августта Президенттин маалымат кызматы билдирди.


Дастан Дүйшекеев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер» адистиги боюнча билим алган. Кийин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган.

Дүйшекеев, «АльфаТелеком» компаниясында, андан кийин коомдук тамактануу жана курулуш компанияларында эмгектенген. Жогорку Кеңештин депутатынын коомчулук менен иштешүү жаатындагы жардамчысы болгон.

2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» саясий партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору болуп эмгектенген.

Кийинчерээк, 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун маалымат катчысы болуп иштеген. Ноябрь айында КР президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты