Актриса Искра Раимкулованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди

  • 3 года мурун

8-августта, Кыргыз Республикасынын эл артисти Искра Райымкулова 85 жашка караган курагында көз жумду. Маркум менен коштошуу зыйнаты 9-августта Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөрүлдү. Коштошуу зыйнатынан соң Раимкулованын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө жерге берилди.

Искра Райымкулова 1937-жылы Кемин районунун Шабдан айылында туулган. Ал Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасында Жеңишбектин легендага айланган образын жаратып, улуттук театрдын тарыхына кирген.

Адегенде театрга травести (балдардын ролун ойногон артист) катары кызматка алынган Искра Райымкулова чыгармачылык таржымалынын ичинде, Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында отуздан ашуун балдардын образын жараткан. Бирок, ошонун ичинен өзгөчө анын Жеңишбеги легендарлуу образга айланган.

Театрдагы негизги ролдору:

Аня (К.Маликов, “Бийик жерде”)

Жеңишбек (Б.Жакиев, “Атанын тагдыры”)

Маша (С.Алешин, “Палата”)

Корделия (У.Шекспир, “ Король Лир”)

Төрөкан (А.Токомбаев, “Өлбөстүн үрөнү”)

Алиман (Ч.Айтматов, “Саманчынын жолу”)

Алтынай (Ч.Айтматов, “Менин биринчи мугалимим”)

Мунарбек (Ж.Садыков, “Табышкандар”)

Азимгүл (Т.Абдумомунов, “Каркыралар кайтканда”)

Витя (Б.Өмүралиев, “Унутулгус күндөр”)

Бала (У.Шекспир, “Азоого чалма”)

Хунг (Т.Абдумомунов, “Таалай гүлдестеси”)

Кэй (М.Каору, “Уурдалган өмүр”)

Жульетта (У.Шекспир, “ Ромео менен Жульетта”)

Амелия (Гарсиа Лорка, “Бернарда Альбанын үйү”)

Врач (Т.Абдумомунов, “Кадырлаштар”)

Мас аял (Б.Жакиев, “Күттүргөн жаз да келээр”)

Люсей (В. Дельмар, “Эртеңкиге ордуңду бошот”)

Халида (А.Абдуллин, “Он үчүнчү башкарма”)

Башорат (Саид Ахмад, “Келиндер козголоңу”)

Сыпайы кемпир (Б.Жакиев, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”)

Эмчи кемпир (Ж.Садыков, “Сейтек”(“Элим, ай”)

Бурма (С.Алтымышев, “Таң булбулу”) ж.б.

Тартылган кинолору:

«Токтогул» — Алымкан;

«Каныбек»,

«Он үчүнчү небере» ж.б. ролдорду жараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты