Токио Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. Кыргызстандык спортчулардын ийгилиги

  • 3 года мурун

Япониянын Токио шаарында 21-июлда башталган Жайкы олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталды.

Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышып, спорттун 7 түрү боюнча күч сынашты . Жыйынтыгында, Кыргызстандын курама командасы 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду.

Кыргызстандын спортчуларынын Токио Олимпиадасындагы жыйынтыктары:

Грек рим күрөшү:

  1. Жоламан Шаршенбеков, 7-орун
  2. Акжол Махмудов, 2-орун (күмүш медаль)
  3. Атабек Азисбеков, 10-орун
  4. Үзүр Жузупбеков, 10-орун
  5. Эрназар Акматалиев, 12-орун
  6. Айаал Лазарев, 16-орун

Аялдар арасындагы эркин күрөш

7) Айсулуу Тыныбекова, 2-орун (күмүш медаль

8) Мээрим Жуманазарова , 3-орун (коло медаль)

9) Айпери Медет кызы , 5-орун

Жеңил атлетика:

10) Дарья Маслова, 36-орун (аялдар арасында)

11) Нурсултан Кеңешбеков, 35-орун (эркектер арасында)

Ок атуу:

12) Каныкей Кубанычбекова, 48-орун

Сууда сүзүү:

13) Денис Петрашов, 18-орун

Фехтование :

14) Роман Петров, 32-орун

Дзюдо:

15) Владимир Золоев- биринчи кармашта 1/31 финалда жеңилген.

Оор атлетика:

16) Бакдөөлөт Расулбеков, 6-орун.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Токио Олимпиадасындагы медалдык эсепте 70-орунга чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты