Кыргызстан футболчулары 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна даярдана баштады

  • 3 года мурун

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна даярдана баштады. Анын алкагында, курама команда башка өлкөлөрдүн футболчулары менен бир канча жолдоштук беттештерди өткөрөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Федерациясы өзүнүн Твиттердеги баракчасында билдирди:

«Улуттук курама команда узак тыныгуудан кийин өз аренасына кайтып келет. Азия кубогу-2023 тандап алуу оюндарына даярдык көрүү үчүн улуттук курама бир нече жолдоштук беттештерди өткөрөт. Биринчи беттеш Палестина улуттук курамасы менен болот», — деп айтылат маалыматта.

Оюн 2-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөөрү пландалууда. Федерация, беттеш боюнча кененирээк маалымат, кийинчерээк берилээрин кошумчаланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты