ДССУ: Адамзат Covid-19 га байланыштуу чыныгы коркунуч алдында турат

  • 3 года мурун

Адамзат COVID-19га байланыштуу кырдаалдан улам «реалдуу коркунуч мезгилине» кептелди. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус билдирди.

5-август күнү өткөрүлгөн брифингде, ДССУнун башчысы:

“Вакциналардын рекорддук убакытта иштелип чыгышы менен биз чоң ийгиликтерге жетиштик. Бирок азыр дүйнө реалдуу коркунучка кептелди. Биз буга чейин жетишкен көптөгөн ийгиликтер жок кылынууда. Анткени, вакцинациядан улам социалдык аралык жана вируска каршы талаптар так сакталбай, коронавирустун кайра күчөп кетишине шарт түзүлүп жатат”, — деп билдирди.

Ошондой эле Гебрейесус, дүйнө жүзү боюнча эмдөө текши жүрбөй жатканы жана бай мамлекеттер вакциналарды көбүрөөөк сатып алып жатканы да маселе жаратаарын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты