Сузакта сууга чөгүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери улантылууда

  • 3 года мурун

8-август күнү Жалал-Абад облусунда өспүрүм сууга чөгүп кетти.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Министрликтин маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Комсомол айылынын 15 жаштагы Д.М аттуу өспүрүм “Кемпир Абад” суусуна агып кеткен. Окуя 8-август күнү саат 13:00 чамасында болуп өтүп, азыркы учурда издөө иштери улантылууда. Өспүрүмдү издөөгө жалпысынан 18 куткаруучу, 15 милиционер жана 30 жергиликтүү тургун тартылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл башынан бери 44 адам сууга чөгүп кетти. Алардын ичинен 12си жаш балдар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты