​Кыргыз эл артисти Искра Райымкулова көз жумду

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын эл артисти Искра Райымкулова 85 жашка караган курагында көз жумду.

Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театр жамааты кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Искра Райымкулова 1937-жылы Чүй областынын Кемин районунда жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз театрынын тарыхына “Атанын тагдыры” спектаклинде Жеңишбектин образын жаратып жарк этип кирген.

“Атанын тагдырын” эки артистсиз – Акылбек Муратбек Рыскуловсуз жана Жеңишбек – Искра Райымкуловасыз элестетүү дегеле мүмкүн эмес.

Адегенде театрга травести (балдардын ролун ойногон артист) катары кызматка алынган Искра Райымкулова чыгармачылык таржымалынын ичинде, Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында отуздан ашуун балдардын образын жараткан. Бирок, ошонун ичинен өзгөчө анын Жеңишбеги легендарлуу образга айланган.

Театрдагы негизги ролдору:

Аня (К.Маликов, “Бийик жерде”)

Жеңишбек (Б.Жакиев, “Атанын тагдыры”)

Маша (С.Алешин, “Палата”)

Корделия (У.Шекспир, “ Король Лир”)

Төрөкан (А.Токомбаев, “Өлбөстүн үрөнү”)

Алиман (Ч.Айтматов, “Саманчынын жолу”)

Алтынай (Ч.Айтматов, “Менин биринчи мугалимим”)

Мунарбек (Ж.Садыков, “Табышкандар”)

Азимгүл (Т.Абдумомунов, “Каркыралар кайтканда”)

Витя (Б.Өмүралиев, “Унутулгус күндөр”)

Бала (У.Шекспир, “Азоого чалма”)

Хунг (Т.Абдумомунов, “Таалай гүлдестеси”)

Кэй (М.Каору, “Уурдалган өмүр”)

Жульетта (У.Шекспир, “ Ромео менен Жульетта”)

Амелия (Гарсиа Лорка, “Бернарда Альбанын үйү”)

Врач (Т.Абдумомунов, “Кадырлаштар”)

Мас аял (Б.Жакиев, “Күттүргөн жаз да келээр”)

Люсей (В. Дельмар, “Эртеңкиге ордуңду бошот”)

Халида (А.Абдуллин, “Он үчүнчү башкарма”)

Башорат (Саид Ахмад, “Келиндер козголоңу”)

Сыпайы кемпир (Б.Жакиев, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”)

Эмчи кемпир (Ж.Садыков, “Сейтек”(“Элим, ай”)

Бурма (С.Алтымышев, “Таң булбулу”) ж.б.

Тартылган кинолору:

«Токтогул» — Алымкан;

«Каныбек»,

«Он үчүнчү небере» ж.б.

Сүрөт: Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театр жарыялаган сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты