Жумгалда сел учурунда боз үйдө калган 2 үй-бүлөгө жардам берилди
- 3 года мурун
7-август күнү Нарын облусунун Жумгал районунда түнкү саат 12 чамасында кыска мөөнөттү жамгырдын кесепетинен Байзак айылынын Орто-Сай жайлоосунда сел жүрүп, 2 үй-бүлө боз үйдө калып калган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал жакка Жумгал районунан куткаруучулар тартылып, жабырлануучлардын унааларын жолго чыгарып беришкен.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү