Ош: Жол кырсыгынан 5 киши жабыркады

  • 3 года мурун

Бүгүн, 8-августта, саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 618-чакырымында Өзгөн районунун Шералы айылында “Хонда степ» үлгүсүндөгү унаа менен портер менен кагылышып, Мырза-Аки айылынын 5 жараны ар кандай жараат алган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге ӨКМ куткаруучулары тартылган. Оор жаракат алгандар Өзгөн райондук ооруканага тез жардам менен жиберилди. Жабыркагандардын абалы оор.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты