Президент Садыр Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге сөгүш жарыялады

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Олимпиадага катышкан спортчуларды тосуп алуу аземинде кетирилген кемчиликтер үчүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге сөгүш жарыялады.

Спортчулар «Ала-Тоо» аянтына чогулган элдин алдына келгенде, салтанаттын расмий бөлүгүн министр өзү алып барып алгач Улуттук курама команданын башчысы Атабек Азисбековго сөз берген. Анын артынан Олимпиададан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова сөзгө чакырылган. Андан соң расмий бөлүк жыйынтыктала баштаган. Бирок ошол жерде турган эл Акжол, Мээрим деп кыйкырып, алардын да сүйлөшүн талап кылышкан.

Мындан соң күмүш байгеге ээ болгон балбан Акжол Махмудов менен коло медаль тагынган Мээрим Жуманазаровага да сөз берилди.

Аягында Жапаров уюштуруучулук жаатында кемчиликтер кеткенин айтып, министр Кайрат Иманалиевге эл алдында сөгүш жарыялды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты