Олимпиадада өлкө намысын коргогон спортчулар мекенине кайтып келди

  • 3 года мурун

Токио Олимпиадасына катышкан кыргызстандык спортчулар мекенине кайтып келди. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан ата-эне, туугандары, күйөрмандары жана ЖМК өкүлдөрү тосуп алды.

Ал эми бийлик өкүлдөрүнөн президенттик администрациянын башчысы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев барды.

Тосуп алуу аземи бүткөндөн кийин «Ала-Тоо» аянтында өлкө намысын коргогон спортчуларга арналып салтанат уюштурулат.

Жайкы Олимпиада оюндарынан грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынып келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты