Олимпиададан спортчуларды тосуп алуу үчүн «Ала-Тоо» аянты жабылды

  • 3 года мурун

Токио Олимпиадасынан кайтып келген спортчуларды тосуп алуу салтанатына даярдалып жаткан борбордук «Ала-Тоо» аянты жабылды. Учурда анын тегерек-чети тосулуп, ичинде милиция кызматкерлери гана жүргөнүн көрүүгө болот.

Бүгүн Япониядан Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын басымдуу бөлүгү кайтып келет. «Ала-Тоо» аянтына спортчуларды тосуп алууну каалаган бардык жарандар чакырылат. Курама команданын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу иш-чара саат 13:00дө «Ала-Тоо» аянтында башталат.

Эске салсак, бүгүн грек-рим күрөшүнөн күмүш медаль алган Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн күмүшкө жеткен Айсулуу Тыныбекова жана коло медалдуу Мээрим Жуманазаровалар кайтып келишет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты