Токтогул суу сактагычында 12 млрд. куб метрге чукул суу бар

  • 3 года мурун

7-августка карата Токтогул суу сактагычында чогулган суунун көлөмү 11,8 млрд. куб метрден ашты. Былтыркы ушул күнгө салыштырмалуу Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2,3 млрд. куб метрге аз.

«Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда учурда агып кирген суунун көлөмү секундасына 503 куб метрди түзсө, секундасына кайра 425 куб метр суу агып чыгууда.

Март айынын аягында Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган.

2007-2008-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты