Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров 5-6-август күндөрү Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барган.
Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери региондогу өлкөлөрдүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын маанилүү аспектилерин талкуулашты. Мындан тышкары, эл аралык өнүктүрүүнүн маанилүү темалары боюнча конструктивдүү диалог болду.
Садыр Жапаров энергетика тармагындагы өнөктөштүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чакырып, регион өлкөлөрүнүн ортосундагы соода байланыштарын өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук операциялардын көлөмүн көбөйтүү керектигин айтты. «Иш сапардын алкагында Жапаров Түркмөнстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык форуму болуп өттү.