Дастан Шаршеев OPEN FC лигасынын Бишкектеги мелдешинде беттешке чыгат

  • 3 года мурун

OPEN Fighting Championship 8 мелдеши 14-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо саат 18:00до башталат.

Кыргызстандык мушкер, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев OPEN FC лигасынын Бишкекте өтүүчү мелдешинде октагонго чыгат. Бул тууралуу мелдешти уюштуруудагы өнөктөш «Батырбашы» мушкерлер уюмунун негиздөөчүсү Дамир Батырбашиев билдирди.

Кыргызстандык мушкер өзбекстандык атлет Мавлон Кахаров менен кармашат. Шаршеев ММА спортунда 22 беттеш өткөрүп, 19 атаандашын уткан.

Спорттук ири иш-чараны Бишкекте өткөрүү чечимин промоушендин жетекчилиги кыргызстандык мушкердин гран-при мелдешинин финалына чыкканы үчүн кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты