Олимпиада: жөө күлүк Дарья Маслова байгелүү орунга жетпей калды
- 3 года мурун
Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Олимпиада оюндарындагы марафондо (42 чакырым 195 метр) чуркап, марага 36-болуп келди.
Марафондо жалпысынан 88 жеңил атлетчи жарышка чыккан. Дарья Маслова 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 35 секунда убакытта чуркап келип, олимпиада чемпионунан 8 мнт артта калган. Кения өлкөсүнүн спортчусу Перес Жепчирчир биринчи болуп (2 саат 27 мүнөт 20 секунда) келип, олимпиада чемпиону болду.
Дарья Маслова муну менен Олимпиадалык оюндарын жыйынтыктады.
Муну бөлүшүү