Лейлектиктер Баткен-Исфана жолун тосушту

  • 3 года мурун

Бүгүн, 6-август күнү, Лейлек районунун Өзгөрүш айылынын тургундары Баткен-Исфана жолун тосту.

Маалыматты райондук администрация тастыктады.

Маалыматка ылайык, чогулгандар Катраң айыл аймагында алтын кенин иштетип жаткан “Апрельское” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө каршы. Тургундардын айтымында, кенди иштеткен ишкана ичүүчү сууну булгайт.

Чогулгандарга жергиликтүү укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду. Жол тоскондор менен жолугуу үчүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнөп кеткен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты