Эртең аянтта Олимпиада спортчуларын салтанаттуу тосуу аземи болот

  • 3 года мурун

Токиодогу жайкы Олимп оюндарына катышкан Кыргызстандын курама командасын тосуп алуу аземи 7-августта өтөт.

Салтанаттуу концерт “Ала-Тоо” аянтында болот. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, салтанатка Олимпиадага катышкан спортчулар, машыктыруучулар катышат. Концерт эстрада жылдыздарынын коштоосунда өтөт.

Белгилей кетсек, Токиодогу Олимп оюндарына Кыргызстандын атынан он алты спортчу аттанган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты