Садыр Жапаров түркмөнстандык кесиптеши Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Жолугушуу Түркмөнбашы шаарындагы (Түркмөнстан) Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында өттү.

Жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, анын ичинде соода -экономикалык байланыштар, Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газы менен электр энергиясын импорттоо, туризмди өнүктүрүү ж. б. маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапарында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы талкууланды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты