Эрназар Акматалиев Олимпиадада биринчи беттеште жеңилди

  • 3 года мурун

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев биринчи беттеште утулду. Ал 65 килограммга чейинки салмактык категориядагы беттешти индиялык Бажраң Пуния менен өткөрүп, 3:3 эсебинде жыйынтыктаган. Бирок, калыстар жеңишти индиялык балбанга ыйгарышкан.

Эгер индиялык балбан финалга чыкса, Эрназар Акматалиев коло медал үчүн күрөшө алат.

Буга чейин кыргызстандыку балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш медал жана Мээрим Жуманазарова коло медал алышкан.

Эске сала кетсек, Токиодогу жайкы Олимп оюндары 23-июлда башталып, анда Кыргызстанды атынан он алты спортчу катышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты