Кыргызстанга вакциналардын келиши күтүлүүдө

  • 3 года мурун

Кыргызстанга COVAX линиясы аркылуу коронавируска каршы Sinopharm жана Pfizer препараттары келиши мүмкүн.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

Өкмөттүн өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанга Pfizer, Sinopharm жана Moderna вакциналары келиши мүмкүн.

«Ушул жылдын сентябь айынын этегинде Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө берилери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасынын келишин күтүп жатабыз. 2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши мүмкүн», — деп билдирди Бакашова.

Азыркы учурда министрлер кабинети дипломатиялык каналдар аркылуу вакцина алуу боюнча ишгтерин улантып жатканын белгилейт Өкмөттүн өкүлү.

Белгилей кетсек, COVAX программасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан иштелип чыккан вакциналарды адилеттүү бөлүштүрүү программасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты