Айсулуу Тыныбекованын атаандашы Юкако Каваиден допинг табылды деген маалымат калп (Фактчекинг)

5-август күнү теле алып баруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Токио Олимпиадасында Айсулуу Тыныбекованын финалдагы атаандашы “Юкако Каваиден допинг табылдыбы?”, — деген суроо узаткан.

Көп өтпөй, бул Фейсбук социалдык тармагына желдей тарап, кээ бирлери финалдын жыйынтыгынын жокко чыгарылышын талап кылышкан.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Япониянын, борбор шаары Токиодо өткөрүлгөн 32-жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз Республикасынан жалпы 16 спортчу катышкан.

Алардын арасынан, 3-августта грек рим күрөшү боюнча, Акжол Махмудов күмүш байгенин ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси болду. Бул Кыргызстандын Олимпиада оюндарындагы 2008-жылдан берки алгачкы ийгилиги.

Экинчи күмүш медаль

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 3-августта Олимпиада оюндарынын финалына чыккан. Финалдык таймашка чейин Тыныбекова үч беттешинде атаандаштарын чоң айырма менен утуп чыкты.

Тыныбекова финалдык беттеште, Япониялык спортчу Юкако Каваиге каршы күрөшүп 1 баллдык айырма менен жеңилип калды. Беттеш 3:4 эсебинде аяктап, Тыныбекова сыйлоо аземинде ыйлап жиберген. Бул, Токио 2020 Олимпиадасындагы Кыргызстандын экинчи күмүш медалы.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги: Допинг тууралуу айтылгандар калп


Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттештеги атаандашы “Юкако Коваиден допинг табылды” деген маалыматты тактоо үчүн Спорт мамлекеттик агенттигине байланышканыбызда, бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти:

“Ассоль Молдокматова, Фейсбуктагы баракчасына япониялык спортчудан допинг табылгандыгы тууралуу маалымат сураптыр. Бирок, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Эгерде, бул маалымат чын болсо биз официалдуу билдирүү таратмакпыз”, — деп билдиришти агентстводон.

Мындан сырткары, АКШнын допингге каршы агенттигинде жана Токио 2020 олимпиадасынын официалдуу сайтында да бул тууралуу маалымат чыккан эмес.

Белгилей кетсек, АКШнын допингге каршы агенттиги дүйнөлүк олимпиадалардагы допинг колдонгон спортчуларды аныктайт.

Допинг — спортчулардын физикалык же психологиялык активдүүлүгүн убактылуу жогорулатуу үчүн колдонулат. Ал мыйзамсыз болуп эсептелип, эгерде спортчулардын допинг колдонгону аныкталса мелдештин жыйынтыгы жокко чыгарылат. Мындан сырткары, күчтөндүрүүчү каражаттарды колдонгон спортчу Олимпиада оюндарынан толугу менен четтетилет.

Белгилей кетсек, буга чейин Токио 2020 олимпиадасында Украиналык триатлонист Юлия Елистратова жана Нигериялык жөө күлүк Блессинг Окагбареден допинг аныкталып, жарыштан четтетилишкен.

Жыйынтык: Айсулуу Тыныбекованын атаандашы Юкако Каваиден допинг табылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты