«Кыргызстан — жашыл аймак»: COVID-19га каршы вакцина алгандар боюнча интерактивдүү карта ишке кирди

  • 3 года мурун

«Кыргызстан- жашыл аймак» улуттук демилгесинин алкагында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги «Кыргызстан — жашыл аймак» салымындагы интерактивдүү картаны ишке киргизди.

Интерактивдүү карта https://vc.emed.gov.kg/Home/Map# дарегинде жайгаштырылган.

Интерактивдүү карта аркылуу колдонуучулар төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк алышат:

-кызматкерлери эмдөөдөн өткөн уюмдар жөнүндө маалымат (70%дан ашык);

-эмдөөдөн өткөн адамдар үчүн бизнес тарабынан берилген бонустар жана лоялдуулук программалары жөнүндө маалымат.

Кызмат аркылуу улуттук демилгеге кошулууну каалаган өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болгон картага өз уюмдары тууралуу маалыматты кошо алышат. Кызыккан уюмдарды издөөнүн ыңгайлуулугу үчүн карта тиешелүү чыпкаларды камтыйт.

Өзү жөнүндө маалыматтарды киргизген биринчи уюм Бишкек шаарынын Тез жардам борбору (Тез жардам кызматы 103) болду. Тез жардам кызматкерлеринин 70% дан ашыгы COVID-19 вакцинасын алуу менен өздөрүн жана айланасындагыларды коркунучсуз кылышты.

«Ишке киргизилген санариптик карта COVID -19 илдетинин жайылышына каршы күрөшүүдө мамлекеттин, бизнестин жана жарандык коомдун аракеттерин бириктирген «Кыргызстан — жашыл аймак» улуттук демилгесинин уландысы болуп саналат.

Ар бир жаранга кадимки жашоого кайтуу үчүн эмдөөдөн өтүү, республиканын бардык аймактарын «жашыл зоналарга» өткөрүү зарылдыгы тууралуу маалыматты жеткирүү өтө маанилүү.

«Бул карта аркылуу биз калкка COVID-19га каршы кыймылга кимдер кошулганын, ошондой эле кайсы уюмдардын кызматкерлери социалдык жоопкерчилигин көрсөтүп, эмделгенин көзөмөлдөөнү сунуштайбыз, ошону менен оорунун андан ары жайылып кетүү коркунучун азайтабыз. Вакцинация маселелеринде өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча санариптик интерактивдүү картадагы маалымат жарандарды эмдөөгө үндөйт деп үмүттөнөбүз» деп билдирди министрдин орун басары Бакыт Жангазиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты