Шаардык кеңештин депутаттары: Эски саясатчылардын балдары, курулушчулар, бизнесмендер

.

Бишкек шаардык кеңешине 11-июль күнү кайра шайлоо өтүп, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын бекиткен. Ага ылайык, Бишкек шаардык кеңешине 7%дык босогодон ашкан алты партия мандаттарга ээ болгон. Ага карабастан, шаардык кеңештин үчтөн экиси гана жаңырат.

Депутаттар жакынкы арада шаардын ар кандай маселелерин чечип, мэрди тандашат. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты айлык албайт.

Биздин редакция жаңы депутаттар менен тааныштырат.

«Эмгек» партиясы
«Эмгек» партиясы Бишкек шаардык кеңешинде эң көп мандат алган партия — 11 мандат. Буга чейин бул партия шайлоодо көп мыйзам бузуулары менен катталган партиялардын арасына кирип, шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Эльмир Досалиев
Бишкек шаардык кеңешинин мурунку чакырлышында «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты. Эльмир Досалиев шаардык кеңештин депутаты болгонго чейин Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошевдин кеңешчиси болуп иштеген. Мындан сырткары, Эльмир Досалиев «Дос-Инжинииринг» ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Бул компания инженердик изилдөөлө жана бул багытта техникалык кеңештерди берүү менен алектенет.

Бактиярбек Иманалиев
«Имарат Прогресс» курулуш компаниясынын башкы директору. Мындан сырткары, Бактиярбек Иманалиев дагы эки компаниянын негиздөөчүсү: «Имарат Констракшен» жана «Имарат Проект«. Бактиярбек Иманалиев буга чейинки чакырылышта Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты болгон Даниярбек Иманалиевдин бир тууганы. Иманалиевдер Бишкек шаарында бир канча курулуш компанияларынын башын бириктирген «Имарат Холдинг Групп» компаниясына ээлик кылышат.

Елизавета Алымбаева
«Эмгек» партиясынын тизмегинде өзүн жогорку билимдүү ишкер деп белгилеген.

Айбек Ашимов
Партиянын тизмегинде Бишкек шаардык кеңештин аппаратында башкы адиси деп көрсөтүлгөн.

Бактыбек Абдиев
Мурунку чакырылышта «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгон. Аны менен бирге, Бактыбек Абдиев барларга кызмат көрсөткөн «Саба» компаниясынын жетекчиси.

Лира Акунова
Бир канча компаниянын ээси жана жетекчиси. «Эмгек» партиясынын тизмегинде Лира Акунова «Кулан-Ата Алайку» ЖЧКсынын башкы директору деп көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, Лира Акунова кыймылсыз мүлктү ижарага берген «Забира Компани» ээси жана кино жана телешоуларды чыгарган «Руханият» ассоциациясынын жетекчиси.

Токтосун Султанов
Буга чейин Биринчи Май жана Ленин райондорунун акими болуп эмгектенген.

Руслан Шаршенбай уулу
«A.S DORDOI» компаниясынын башкы директору. Мындан сырткары, Руслан Шаршенбай уулу «Дордой» ассоциациясына тиешелүү тогуз компанияда негиздөөчү же жетекчи катары көрсөтүлгөн.

Светлана Кенжебаева
Партиянын тизмегинде жумушсуз деп көрсөтүлгөн. Буга чейин Бишкек шаарынын Ленин районунун райондук билим берүү борборун жетектеген.

Жумабек Салымбеков
«Дордой» ассоциациясына ээлик кылган Салымбековдор үй-бүлөсүнүн өкүлү, КСДП фракциясынан мурунку шаардык кеңештин депутаты. «Дордой» ассоциациясынын директорлор кеңешинин мүчөсү.

Ильяз Чалов
Эки компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси. «Атияз» ЖЧКсы сантехника жана курулуш материалдары менен соода кылса, «Зымырык-инвест» компаниясы үйлөрдү жана турак эмес жайларды куруу менен алектенет.

«Ата-Журт-Кыргызстан»
«Ата-Журт-Кыргызстан» партиясы Бишкек шаардык кеңеште тогуз мандатка ээ болду. Бирок, алардын көбүн мурун шаардык кеңеште депутат болгондор толуктайт.

Алымбек Бактыбеков
Мурунку чакырылышта «Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат болгон. Алымбек Бактыбеков «АККА компаниялар» башкаруу тобунун төрагасы. Юстиция министрлигинин маалыматныа ылайык, бул компания курулуш менен алектенет. Мындан сырткары, Алымбек Бактыбеков жумуртка жана сүт продукциясын дүң сатуу менен алектенген «АККА-Кейтеринг» компаниясын негиздөөчүлөрүнүн бири.
Мындан сырткары, Бактыбек Алымбеков мурунку президент Курманбек Бакиевдин аппарат жетекчиси Үсөн Сыдыковдун небериеси экени белгилүү. Бактыбек Алымбековдун атасы Бактыбек Сыдыков «Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат болгон жана 2020-жылы күзүндө «мекеним Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган.

Таалайбек Сурапбаев
Өткөн чакырылышта «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон.

Мээрим Нусубалиева
Партия тизмегинде «жеке ишкер» катары көрсөтүлгөн.

Таалайбек Жакыпов
«Магистрой КейДжи» компаниясынын негиздөөчү жана жетекчиси. Мындан сырткары, Таалайбек Жакыповго канаттуларды көбөйткөн «Страус КейДжи» жана геологиялык изилдөө жүргүзгөн «Кж продукт» компаниялары таандык.
2012-жылы Таалайбек Жакыпов мас абалында унааны башкарып бара жатып жол кырсыгын жараткан. Авариянын негизинде үч адам көз жумган. Экспертиза Жакыпов мас экендигин тастыктаган. Жыйынтыгында Таалайбек Жакыпов 11 жылга соттолуп, жабыркагандарга 3,86 млн.сом компенсация төлөөгө милдеттендирилген.

Эдик Досиев
Мурунку чакырылыштын «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты

Айканыш Ашырова
Жумушсуз. Бул жылдын апрель айында шаардык кеңешке «Республика» партиясынан талапкер болгон.

Куванычбек Конгантиев
Бишкек шаардык кеңешинде эки чакырылыштын депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын лидери болгон. Куванычбек Конгантиев 2011-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясы менен келген, бирок 2015-жылы «Кыргызстан» партиясы менен депутат болгон. Мындан сырткары, Куванычбек Конгантиев мурунку башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин баласы жана ИИМдин мурунку башчысы Молдомуса Конгантиевдин тууганы экени белгилүү. Жаңы чакырылышта Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Максат Токтогулов
Партиянын тизмегинде Максат Токтогулов жумушсуз деп көрсөтүлгөн. Бирок, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Максат Токтогулов «Инвест Финанс Ломбард» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Мындан сырткары, Максат Токтогуловко «NTK-FEZ» жана «Барс Мани» ЖЧКлары таандык.

Өмүркан Ашанбаева
Свердлов районунун жарандык актыларын каттоо бөлүмүнүн адиси.

«Ишеним»
Ишеним» партиясы Бишкек шаардык кеңешинде 8 мандатка ээ болду.

Рысбай Аматов
Бишкек шаардык кеңештин эки чакырылышында депутат болгон.

Сайдахмат Исмаилов
Бишкек шаардык кеңештин эки чакырылышында депутат болгон.

Рамина Ыдырова
Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясында иштеген.

Арнас Тилебаев
Жумушсуз, 23-жашта.

Таалайбек Дайырбеков
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Кыргызстан Жаштар Коомдук Кеңешинин» башчысы. Бир канча жыл Таалайбек Дайырбеков «Самсунг Электроникстин» Кыргызстандагы өкүлү болгон.

Мадина Чеченова
«Азия Мунай Голд» компаниясынын бухгалтери.

Асылбек Акылбеков
Бишкек шаардык кеңешинде «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болгон.

Бекжан Усеналиев
«Ишеним» партиясынын тизмегинде Бекжан Усеналиев «Консорциум строй» компаниясынын жетекчиси катары көрсөтүлгөн.

«Ынтымак»
«Ынтымак» партиясы Бишкек шаардык кеңеште жети мандатка ээ болсо, беш мандатты мурунку депутаттар ээледи. Алар буга чейин ар кайсы партия менен депутат болушкан.

Максат Алымбеков
Мурунку чакырылыштын аппаратынын жетекчиси. Шаардык кеңешке келгенге чейин «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Жогорку кеңештин депутатынын кеңешчиси болгон.

Казыбек Эргешов
Бишкек шаардык кеңешин үчүнчү жолу шайланып жатат. Шаардык кеңеште «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидеринин орун басары болгон.

Наргиза Жолдошбаева
Шаардык кеңештин мурунку чакырылышында депутат болгон. Партия тизмегинде «Беш Сары» ЖЧКсынын башкы директору катары көрсөтүлгөн. Наргиза Жолдошбаева «уялчаак депутат» Камчыбек Жолдошбаевдин кызы.

Мийзамидин Калыков
Буга чейин да шаардык кеңештин депутаты болуп эмгектенген. Мурунку чакырылышта Бишкек шаардык кеңешине «Республика-Ата-Журт» фракциясы менен келген.

Таалайбек Сариев
Эки жолу шаардык кеңештин депутаты болгон. Шайлоого чейин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутаттыкты аркалаган. Ачык маалматтарга ылайык, Таалайбек Сариев жогоруда айтылган Камчыбек Жолдошбаевдин бир тууганы.

Гульназ Халилова
Шаардык кеңешке биринчи жолу келди. Гульназ Халилова темирден ар кандай материалдарды жасап чыгарган «БиАСТ КГ» компаниясынын негиздөөчүсү.

Улан Сариев
Улан Сариевдин да бизнеси бар. Анын туризм тармагында иш алып барган «Кереге-Таш Тревел» аттуу компаниясы бар. Бирок, «Ынтымак» партиясынын тизмегинде Уланбек Сариев жумушсуз деп көрсөтүлгөн.

«Өнүгүү-Прогресс»
Бакыт Төрөбаев башында турган неоконсерватордук «Өнүгүү-Прогресс» Бишкек шаардык кеңеште беш мандатка ээ болду.

Абдыллабек Манас уулу
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Абдыллабек «Марко Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси. Андан сырткары, ал ири мүйүздүү мал баккан «Мадыш» айыл-чарба кооперативинин мүчөсү. Бирок, партиянын тизмегинде Абдыллабек Манас уулу жумушсуз деп көрсөтүлгөн.

Жылдызбек Абдраимов
«Өнүгүү Кыргызстан» партиясын жетектейт, партиянын тизмегине ылайык — жумушсуз.

Дамира Жолдошалиева
Бирдиктүү нотариалдык палатанын башчысы.

Олег Попиков
Жумушсуз, Бишкек шаарынын Октябрь районунун мурунку акими, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри. 2020-жылы Олег Попиков Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон. Юстиция министрлигинин маалыматында Олег Попиков темир кескен станокторду чыгарган «Бишкек машина куруучу завод» ААКынын төрагасы.

Жаныбек Асанбеков
«Бишкек Концепт» ЖЧКсынын директору деп партия тизмегинде көрсөтүлгөн. Юстиция министрлигине ылайык, Жаныбек Асанбеков «Биздин Мекен» коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири жана жетекчиси. Мындан сырткары, Асанбеков «Биздин Мекен» саясий партиясынын жетектейт.

«Социал-Демократтар»
«Социал-Демократтардан» келген депутаттардын бардыгы буга чейин саясий кызматтарды ээлеген эмес. Бул партия Бишкек шаардык кеңеште беш мандатка ээ болгон, тизменин башында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадырбек Атамбаев турат.

Кадырбек Атамбаев
«Социал-Демократтар» менен 2020-жылы парламенттик шайлоого катышкан.

Таалай Темиркулов
Партиянын тизмегинде жеке ишкер катары көрсөтүлгөн. Бирок, Юстиция министрлигинин сайтынан бизнеси жөнүндө маалымат таба албадык.

Эльнура Дүйшөкеева
«Moda bella» ишканасынын жетекчиси.

Султанбек Абдуллажанов
«Баасыз Строй» курулуш компаниясынын башкы директору.

Илгиз Сарылдык уулу
«Тянь-Шань Форель» компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Илгиз Сарылдык уулу 2020-жылы «Республика» партиясынын тизмегинде парламенттик шайлоого катышкан.










Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты