Кыргызстанда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата 40тан ашуун иш-чара өткөрүлөт
- 3 года мурун
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүнгүнүн 30 жылдыгына карата өлкөдө 40тан ашуун иш-чара өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди.
31-август күнү, борбор калаада аскер, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, манасчылардын фестивалдары боло турганы айтылды.
Улукбек Марипов иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи:
«Быйыл биз маанилүү датаны — Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул майрам ар бир кыргыз жараны үчүн өзгөчө маанилүү. Юбилейлик мааракени белгилөөгө арналган иш -чаралар эпидемиологиялык талаптарды сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоону эске алуу менен өткөрүлүүгө тийиш.”, — деди.
Улукбек Марипов, приоритеттүү түрдө Баткен облусунда турак үйлөрдүн, социалдык жана аскердик объектилердин курулушун аяктоо керектигине да токтолуп. тиешелүү тапшырмаларды берди. .