Бишкекте дарыкананы тоноого шектелип өспүрүмдөр кармалды

  • 3 года мурун

Бишкек ШИИБдин оперативдүү кызматкерлери дарыкананы карактоого шектелген өспүрүмдөрдү кармашты. Бул тууралуу, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2-августтан 3-августка караган түнү Байтик Баатыр көчөсүндөгү дарыкананын бирине, ашкана бычагы менен куралданган жана беткап кийген адам кирген. Ал, дарыкананын кызматкерин коркутуп, тоноого аракет кылган. Көп өтпөй, окуя болгон жерге Октябрь РИИБнин криминалдык милиция кызматынын тергөө-ыкчам тобу келип, 2005-жылы туулган Т.А жана 2004-жылы туулган Д.И аттуу өспүрүмдөр кармалган.

Кылмышка шектүүлөр Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы түзөтүү абагына жеткирилген. Тергөө амалдары улантылып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты