Коррупцияга шектелип «Кыргызкөмүрдүн» директору Канатбек Ашырбаев кармалды

  • 3 года мурун

4-августта, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев жана «Кара-Кече» көмүр кенинин эсепчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ашырбаев менен “Кара-Кече” филиалынын эсепчиси 3-августтта кармалып, экөө тең атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына жеткирилишкен.

УКМКдан билдиришкендей, алар пайда көрүү максатында Кара-Кечеден казылган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн. Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, мамлекеттик ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмү жылына болжол менен 600 млн. сомдук 370 миң тоннадан ашык аз көрсөтүлгөнү аныкталган.

Азыркы учурда, тергөө иштери улантылып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты