Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат. Мсаындан сырткары, Садыр Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөөрү пландалууда.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясы мүчө-мамлекеттердин экономикалык форумуна, региондогу өлкөлөрдүн лидер аялдарынын форумуна, ошондой эле Борбордук Азиянын улуттук өндүрүштөгү товарларынын жана улуттук тамактарынын көргөзмөсүнө катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты