Баткен облусунда кайрадан сел жүрдү

  • 3 года мурун

3-август күнү Баткен облусунда катуу жааган жаан — чачындан улам кайрадан сел жүрүп, үйлөр жана жолдор жабыркады.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, селден Ак-Терек айылындагы 11 турак үй жана 8 турак үйдүн короолору жабыркаган. Ошондой эле Катраң, Өзгөрүш айылдарында да сел жүрүп жолдор жуулуп кеткен. Жалпы Баткен облусу боюнча, селдин кесепетинен 21 турак үй жана 213 метр ички жолдор жабыркаган.

Белгилей кетсек, буга чейин да 2-август күнү Баткен облусунда катуу жаган жаан-чачындан улам сел жүрүп, үйлөр жана жолдор жабыркаган эле.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты