Дастан Бекешев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды

  • 3 года мурун

4-август күнү Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Дастан Бекешев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Ал бул тууралуу, өзүнүн Twitterдеги баракчасына жазган.



Бекешев, суракка “Давыдов” жана “Лысый” мөңгүлөрү боюнча чакырылганын билдирип, бул кадамды “саясий” деп баалаган. Белгилей кетсек, 2017-жылы Жогорку Кеңеш «Суу кодексин» өзгөртүү тууралуу мыйзам кабыл алган. Жыйынга катышкан 85 депутаттын 63ү «ооба», 22си «каршы» добуш беришкен. Аны менен Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзүүгө жол ачылган.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийерин айтып чыгышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Кумтөр маселеси боюнча да бир катар депутаттар суракка чакырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты