Аскар Акаев 16 жылдан кийин кичи мекенине барды

  • 3 года мурун

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 3-августта кичи мекени Кеминге барып, жакындары менен жолукту. Акаевди туугандары тосуп алган видеосу “Короче” телеграм каналына жүктөлгөн.


Аскар Акаев, 1944-жылы Кемин районундагы Воронцовка айылында төрөлгөн. Ал 1990-жылы эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти болуп шайланып, өлкөнү 2005-жылга чейин башкарган. 2005-жылы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек болчу.

Акаев, 2-августта Кыргызстанга келген жана УКМКга Кумтөргө байланыштуу сурак бере баштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты