Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында күмүш медаль утту
- 2 years мурун
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча 22 жаштагы балбаны Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын күмүш медалына татыды.
Кыргыздын балбаны жаш экенине карабай татыктуу атаандаштык көрсөттү. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи Олимпиадалык күмүш медаль болду. Ал финалдык беттеште венгриялык Тамаш Леринцке 2:1 эсебинде жеңилип калды.
Белгилей кетсек, Лёринц Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун рейтингинде 77 килограмм салмак даражасында экинчи сапта турат. Акжол бул рейтингде алдыңкы ондукка кире элек.
Муну бөлүшүү