Токио Олимпиадасы: Тыныбекова финалга чыкты

  • 3 года мурун

Айсулуу Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону утуп алды. Беттеште 10 : 0 техникалык таза артыкчылык менен жеңишке жетти. Анын жүрүшүн КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү.

Тыныбекова мындан бир нече саат мурда, чейрек финалда румыниялык, ал эми баштапкы этапта латвиялык спортчуларды уткан.

Эми Тыныбекова экинчи жарым финалдагы болгариялык Таибе Мустафа Юсейин жана япониялык Юкако Кавайи жубунун жеңүүчүсү менен алтын байге үчүн таймашат.

Азыркы тапта Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун рейтингинде 62 килограмм салмактагы балбан кыздардын арасында биринчи орунда турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты