Айсулуу менен Акжолдун күрөшү «Ала-Тоо» аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт

  • 3 года мурун

Бүгүн Акжол Махмудов алтын медаль, Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

Бүгүн борбор калаанын «Ала-Тоо» аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык балбандар саат 15:15те килемге чыгып баштайт. Бул учурда аянтка фан-зона уюштуруп, чоң экрандан көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Ошондой эле «Азия Молл» соода борборунда дагы фан-зона уюштурулары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалдык беттеште алтын медаль талашат. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

Мындан сырткары, Махмудовдун финалдык беттеши анын кичи мекени Араван районундагы «Белек» кинотеатрында дагы чоң экрандан көрсөтүлөт. Муну президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты