Токио Олимпиадасы: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

  • 3 года мурун

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын алкагында экинчи каршылашын жеңип алды.

Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта күч сынашууда. Экинчи беттешинде Тыныбекова румыниялык Криста Тунде Инчени тушеге басуу менен мөөнөтүнөн мурда утту.

Буга чейин, биринчи атаандашы латвиялык Анастасия Григорьева болуп, аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.

Жарым финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова украиналык Ирина Коляденкого каршы чыгат.

Жарым финалдык күрөштөр 15:15те старт алат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты