Аскар Акаев: Кыргызстанда бир жума жүрөм

  • 3 года мурун

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыккандан кийин журналисттер менен кезигип, бир канча нерсеге токтолду.

Айрыкча, Акаев Кыргызстанда бир жума жүрө тургандыгын жана Садыр Жапаровго ыраазы экенин билдирди:

«Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам, себеби он алты жылдан бери ата-журтума биринчи жолу келди. Республиканын жетекчилигине ыраазычылык билдирем. Садыр Нургожоевич уруксат берип, келдим», — деди Аскар Акаев.

Ошондой эле, Аскар Акаев өлкөнүн алдында чоң экономикалык маселелер бар экенин билдирди.

Мындан сырткары, Аскар Акаев Кыргызстанда бир жума, Бишкекте эки күн жүрө турганын, Садыр Жапаров менен кезиккенин жана «Кумтөр» жөнүндө баарын айтып бере турганын белгиледи.

Эске сала кетсек, Аскар Акаев бүгүн, 2-августта, Кыргызстанга келип, УКМКнын имаратына жеткирилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты