Таалайбек Сарыбашев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 3 года мурун

2-августта Таалайбек Сарыбашев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин шаардын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жарлыкка Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу Өккмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Таалайбек Сарыбашевге, Бишкек шарынын мэри болуу сунушу өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан сунушталганы айтылган.Буга чейин Сарыбашов 2015-жылдан 2018-жылга чейин өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2018-жылдан азыркы убакытка чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеп келе жаткан.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өткөн. Мыйзам боюнча, Бишкек шаарынын мэрин 11-июлдагы шайлоодон өтүп келген шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Ага чейин өкмөт шаар жетекчисинин милдетин аткаруучуну дайындай алат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты