Түркиядагы өрт үчүн «От балдары» террордук уюму жоопкерчилик алды

  • 3 года мурун

Түркияда террористтик деп таанылган “От балдары” уюму өлкөдөгү токой өрттөрү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул тууралуу жергиликтүү Yeni Şafak гезити уюмдун билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты.

Билдирүүдө: «От балдары» террордук уюму Түркиянын туристтик аймактарына жасалган диверсиялык чабуулдар үчүн жоопкерчилик алат. Түрк бийлиги башка тилди түшүнбөгөндүктөн, аларды от менен тизе бүгүүнүн учуру келди”,- деп жазылган.

Белгилей кетсек, акыркы беш күндөн бери Түркиянын 35 облусундагы 125 токойдо өрт чыкты. Тилсиз жоо төрт адамдын өмүрүн алып, миңдеген тургундар коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Түрк бийлиги өлкөдө 100дөн ашуун өрттү өчүрүүгө жетишкенин айтып, абалды согуштук чабуул менен салыштырган.

“От балдары” террордук уюму, Түркияда террордук деп таанылган ПККнын курамына кирет. Аталган уюмду Курдистандын террорчулары башкараары белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты